Аналитика Модулу — убакытты үнөмдөө, тез жана ыңгайлуу
Саламаттыкты сактоо министрлигинин, бей өкмөт уюмдарынын кызматкелерине жана кызыкдар жарандар үчүн, сатып алуулар боюнча Аналитика Модулун тааныштыруу тренингдери 25. 01 – 15. 02. 22-ж. болуп өттү. Ошону менен бирге консультациялык кеңештер берилип, практика жүзүндө көрсөтүлүп берилди.
Ачык контракттык өнөктөштүк менен кызматташуунун алкагында, Сорос Кыргызстан Фондунун колдоосу менен, Ачык Бюджет Альянсы (Альянс) ALE кеңейтилген функционалдык мүмкүнчүлүктөрү менен ачык аналитикалык модулун иштеп чыгууну демилгеледи.
Ачык Бюджет Альянсы жана Бюджеттик Адвокация үчүн Коалициясы мене биргеликте Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Каржы министрлигинин өкүлдөрүнүн колдоосу менен мамлекеттик сатып алууларды көзөмөлдөө ишине катышууну пландаштырууда, мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылууда бей өкмөт уюмдардын жана башка кызыкдар адамдардын потенциалын көтөрүү болуп саналат.
Сатып алуу системасы, аналитикасыз максималдуу натыйжа бербейт жана сатып алууларды эффективдүү кылбайт. Ошону менен бирге, келечекте бизнестин ишенимин кайтарбайт.
Аналитика модулу эки аналитикалык тиркемеден турат:
1 — Тиркеме: «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сатып алууларды талдоо»
https://bi.open-contracting.org/kyrgyzstan/
2 — Тиркеме: «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик медициналык сатып алууларды талдоо» https://bi.opencontracting.org/kyrgyzstan_med/
Аналитика модулу Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сатып алууларды бардык аспектилер боюнча тез жана ыңгайлуу талдоо үчүн, коомчулуктун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.