Жарандык активисттер Бишкектин Свердлов районунда муниципалдык жерлерди пайдаланууда одоно мыйзам бузууларды аныкташты
2023-жылдын 2-июнунда саат 15.00дө Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында Бишкек шаарынын Свердлов районундагы муниципалдык жерлерди башкаруунун жана бөлүштүрүүнүн абалы жөнүндө» деген темада тегерек стол жана коомдук угуулар өткөрүлдү.
Катышуучулар – Свердлов райондук акимиятынын, муниципалдык жерлердин пайдаланылышын көзөмөлдөөгө ыйгарым укуктуу жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, жер маселелери боюнча эксперттер, жарандык активисттердин, массалык маалымат каражаттарынын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү болду.
Иш-чаранын катышуучуларына Борбордук Азиядагы Коррупцияны жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну изилдөө институту тарабынан колдоого алынган чакан демилгени ишке ашыруунун алкагында, райондук администрация менен «Социум» Коомдук бирикмесинин биргелешкен иш-аракеттеринин жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.
«Жергиликтүү деңгээлде коррупцияга каршы күрөшүүгө жарандык катышуу» долбоорунун алкагында, USAIDдин колдоосу менен «Укук булагы» East West Management институту (EWMI) ишке ашырып жатат.
Муниципалдык жерлерди мыйзамсыз пайдалануу, шаардын экологиясына зыян келтирген, мыйзамдуулуктун жана адилеттиктин принциптерине доо кетирген жана тиешелүү органдардын токтоосуз кийлигишүүсүн жана иликтөөсүн талап кылган мыйзам бузуулар боюнча фактыларды жана материалдарды сунушташты.
Тегерек столдун жана коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жарандык активисттерди активдүү тартуу менен талкуулардын жыйынтыгы боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттердин планы иштелип чыгат.
Маалымат үчүн
Социалдык өнүктүрүү жана адамдын коомго адаптацияланышы боюнча «Социум» Коомдук бирикмеси 25 жылдан ашуун убакыттан бери калктын аялуу катмарына жардам көрсөтүү, социалдык жана укуктук колдоо көрсөтүү максатында коомдук саламаттыкты сактоо тармагында иш алып барат.
Уюмдун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыты болуп акыркы жылдары саламаттыкты сактоо тармагында ишке ашырылып жаткан программалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бюджетти пропагандалоо, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө ачыктык, айкындуулук жана ак ниет башкаруу мониторинги, коррупцияга каршы күрөшүү, потенциалды жогорулатуу, коомдук байкоочулардын институтун түзүү жана ыктыярдуулукту өнүктүрүү болуп саналат.