+996(312) 62 07 89 Пн. - Пт. 9:00 - 17:00 oosotsium@gmail.com

Ыктыярчылар тобун Аналитика модулу менен тааныштыруу

2023- жылдын 31- январь жана 8 – февраль айында, И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын профилактикалык медицина факультетинин 1-курсунун студенттери — ыктыярчылар менен  ОО «Социум» Коомдук бирикмесинде  жолугушуулар өткөрүлдү.

Ыктыярчыларга Ачык Бюджет Альянсынын демилгеси менен Ачык контракттык өнөктөштүн кызматташуунун алкагында, Сорос Кыргызстан Фондунун колдоосу менен иштелип чыккан Аналитика Модулу боюнча кеңири тааныштырылды. Аларга Аналитика Модулунун эң ыңгайлуу, жөнөкөй жана убакытты уттурбастан керектүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүк бар экендигин көрсөтүп айтып бердик.

Ошону менен бирге мамлекеттик сатып алуу порталы менен тааныштырып өттүк. Жыйынтыгында ыктыярчылар тобуна тапшырма берип, өз алдынча иштеп үйрөнүүгө чакырдык.

Ыктыярчылар:

  1. Осмоналиеа Акинай
  2. Уланбекова Диана
  3. Сабырбекова Нурганым
  4. Аканова Эльза