+996(312) 62 07 89 Пн. - Пт. 9:00 - 17:00 oosotsium@gmail.com

Иш күндүн кечи: Сапаттуу медицинанын жеткиликтүүлүгү

Сапаттуу медицинанын жеткиликтүүлүгү.

Э. Калакулова: “Социум” Коомдук Бирикмеси 20 жылдан ашуун калктын аялуу катмарын коомго кайрадан кошуу жана оорунун алдын алуу үстүндө иш алып барууда.

Буга чейин кургак учук жана АИВ/ЖИКС боюнча иштеп келген болсо, азыркы күндө “Социум” Коомдук бирикмесинин демилгеси менен 50гө  жакын бей өкмөт уюмдарын бириктирип «Бюджеттик адвокация үчүн», деген чоң Коалиция түзүлдү.

Коалицияга — онкология, диабет, гемодиализ, репродукциялык ден соолук, тамактануу багыттары кирет. Башкача айтканда “Социум” Коомдук бирикмеси дагы кененирээк маселелерди камтыды.

Ошону менен бирге, саламаттык сактоого каралган каржылоону кыскартпоого кызыкдар.

Бюджеттик адвокация  – бул мамлекет тарабынан кабыл алынган бюджет боюнча чечимге биздин иш аракеттерибиз.

М: Кайрылууларды жөнөтөбүз  – саламаттыкты сактоого бөлүнгөн каражатты кыскартпоо жана сарамжалдуу ачык колдонуу боюнча сунуштоо.

Мамлекеттик социалдык заказ – бул  социалдык, маанилүү маселелерди чечүү жолунун жакшы альтернативасы.

Мамлекеттин колу жетпей жаткан иштерге, ал бейөкмөт уюмдары менен иш алып барат. Эгерде  мамлекет кандайдыр бир каражат бөлсө ал маселени так көрсөтүү керек, ачык-айкын эмнени каалайт, а бул болсо биздин ар кайсы коом менен  бирге кызматташуу, үйрөнүү, сапат деп эсептейм.

Бул азыркы учурдун эн кызыкдар болгон маселеси, жылдан жылга чечилбей келе жаткан маселелерди чечүү үчүн, граждандык коом өзүнө алды.

Биринчиден мамлекет бизге кызыкдар болуусу керек. Ооруунун алдын алуу  ооруунун өзүн дарылоого караганда арзан турат да.

Мамлекеттик социалдык заказды ар кандай түрдө колдонуусу мүмкүн. Социалдык-пайдалуу долбоор мамлекет тарабынан каржыланып, бейөкмөт уюмдарын жалдап тартканда колдонулат. Бул  качан мекеме же уюм көйгөйдү билип, бирок кантип аткарууну билбеген мезгилинде пайдаланылат. Мисалы: үй-жайы жок адамдар үчүн тамактандырууну уюштуруу зарыл. Аны  уюштуруп бере турган уюмду жалдоо керек.

Дагы бир маселе тээ алыскы региондордо врачтар жетишпейт. Калкыбыз, көбүнесе шаарга келип каранышат, кайрадан анализ тапшырышат, убакыт, чыгым, ден соолугу кетет. Эгерде жергиликтүү кеңештер министрликтер менен иштеп жаш кадрларды тартып, аларга турмуш шартын, акча маянасын жана башка кошумча жардамдарды көрсөтсө, мотивация берсе жаштар барат, иштешет.

Иштеп жаткан врачтарды да колдоп, аларга да мотивация берип, эмгек шартын, каржылоосун карап, өзүнүн аткаруу жоопкерчиликтерин так көрсөтүп, анан жыйынтыкты, результатты сураса болот.

Коалициянын алдында дагы бир топ максаттар. Биринчиден республикалык бюджеттен  саламаттыкты сактоо прогаммаларынын туруктуу каржылоосуна жетишүү. Эгерде тармакта баары жакшы болуп эч кандай четтөөлөр болбосо, анда биздин маселебиз, бул бюджетти көтөрүү керек, себеби биз кайрылганда бөлүнгөн же бекитилген каражат жетпейт.

Мисалы белгиленген бюджет болду, саламаттыкты сактоо министрлиги өзүнүн бөлүмдөрүндө баарын эсептеп чыкты, ошону менен бирге эмне жетишпей жаткандыгын жазып чыкты. Ушул протоколду окуп чыгып, макулдашып, биз бей өкмөт уюмдар катары кошулабыз жана өкмөткө, каржы министрлигине эн зарыл, өтө орчундуу маселелерди адвокациялап жаза баштайбыз. Бул жумушка байланыштуу  жакшы үлгү, гемодиализ тейлөөсүн өткөрүү чөйрөсүндөгү адвокациялоо.

Эгерде, биз инсан жөнүндө  айтып жатсак, анын биричи ирет турмуш шартына байланыштуу эң керектүү, негизги  муктаждыктарга көңүл бөлүү: коопсуздукта сапаттуу жашоосуна, толук кандуу тамактануусуна, дени сак болуусуна.

Коалиция мүчөлөрү биригип, алгылыктуу долбоолордун үстүндө иш алып барууда.