+996(312) 62 07 89 Пн. - Пт. 9:00 - 17:00 oosotsium@gmail.com

Активист жарандар менен жолугушуу

Бишкек шаарынын Свердлов районунун активист жарандары жана үй комитеттери менен муниципалдык жерлерге коомдук мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топ менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун максаты болуп, муниципалдык жерлерге коомдук мониторинг жүргүзүү боюнча  түшүндүрүү иштерин алга жылдыруу болуп эсептелинет.

Эксперт Тюлюндиева Назира Манатовна,  Муниципалдык жерлерге коомдук мониторинг жүргүзүү боюнча өзүнүн презентациясын көрсөтүп, Бишкек шаарынын муниципалдык жерлерин натыйжасыз пайдалануу көйгөйлөрү боюнча айтып берди.

Ошону менен бирге, «Биздин укук» коомдук фондунун башкармалыгынын төрайымы Умуралиева Калича Кусеиновна жер маселеси, жана эс алуу парк, скверлер  боюнча жарандардын укуктары жөнүндө айтып, өзүнүн кейстери менен бөлүшүп кетти.

Талкуунун жыйынтыгында ар бир жарандык активист өзүнүн  кейс – тажрыйбасы менен бөлүшүп, жумушчу топ менен биргеликте алга жылдыруусун каалап  кетишти.