+996(312) 62 07 89 Пн. - Пт. 9:00 - 17:00 oosotsium@gmail.com

«2021-жылга Республикалык бюджет жана 2022-2023-жылдарга божомол» долбоору боюнча Парламенттик угуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындар залында «2021-жылга республикалык бюджеттин жана 2022-2023-жылдарга божомолдун» долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү.

Парламенттик угууга «Социум» Коомдук Бирикмесинин демилгеси менен биргеликте уюштурулган «Бюджеттик адвокация үчүн» Коалициясынын мүчөлөрү катышты.

Коалициянын мүчөлөрү, азыркы убакта элдин саламаттыгын сактоого көңүл буруу эң зарыл экендигин айтып кетти. Алар бюджеттик пландаштырууну жана саламаттыкты сактоону толук каржылап, кыскартпоону баса белгилеп, өздөрүнүн сунуштарын айтып өтүштү.