20дан ашуун уюмду камтыган «Бюджеттик адвокация үчүн» биримдиги

2019-жылдын 18-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтундө бюджетти угуу боюнча коомдук угууга катышуу үчүн даярданууда. Алар жакынкы жылдарга саламаттыкты сактоо бюджетин кыскартуу боюнча түзүлгөн кырдаалга  терең тынчсыздануу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Президенттин жана Өкмөттун аппаратына SOS-кайрылуу жөнөтүштү.

«Бюджеттик адвокация үчүн» биримдигинин координатору Б. Эстебесованын  айтымында: “Эгерде онкологияга  каражат берилбесе, бул бейтаптарга болгон анык кыйноо жана кыянаттык. Ошол эле кант диабети  жөнүндө айтууга болот. Биз атайын гемодиализ бейтаптарынын тизмесин толуктоодобуз, анткени биздин бюджеттин бир бөлүгү кымбат тейлөөлөрду жабууга кетет. Мен КИВ/ЖИКС жөнүндө айтпай эле коеюн, ал жерде алдын алуу программалары үчүн каражат жетишпейт. Ошону менен бирге, биздин жасаган иштерибиз бир мезгилде жоголуп кетиши мүмкүн. Менимче, бул  жагдай өтө оор  учур болуп, баарына тиешелүү болот деп эсептеймин.

Башында, Милдеттуу медициналык камсыздандыруу фондунан 873 млн. сомду ала турганын айтып, бирок кийинчерээк тийбегенге убада беришкен. Азыр Каржы министрлигинин сайтында. дагы 100 млн. жакын сом жетпегендиги көрсөтүлгөн бюджетти жайгаштырган. Бул кандай коомдук — багытталган долбоор, эгерде бөлүнгөн каражат бир гана эмгек акыга жана социалдык фонд салымына жетсе?!

Ал эми саламаттыкты сактоо мекемелеринде сапатты жакшыртуу, дары дармектер, коммуналдык тейлөөлөр, жаңы жабдуударды сатып алуу жана башка окуялар боюнча кандай болуу керек?!

Биздин талаптарыбызга карата кичине жумшактык жасашты, бирок бизге керек болгон бюджетти берген жок. Себеби ал бюджет, бизге анык керек. Ошону менее бирге, 1 млрд. сомдон ашуун карыздар болгонго карабастан, саламаттыкты сактоонун жогорку деңгээлде иштөөсун каалашат.

Сектордун өнөкөт жетишсиз каржыланышы көрүнүп турат, эгерде жогорулоо болсо, ал бир гана айлык маянага кетет. Мен белгилеп кеткендей: дары-дармекке, сапаттуу тейлөөнү жакшыртууга, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана ушул сыяктууларга кеткен жок.

2020-2021 жылдар үчүн пландаштырылган каржылоо 2019-жылдын деңгээлинде калууда, калктын 200 адамга көбөйгөндүгүнө карабастан, демек, саламаттык сактоо керектөөлөру да көбөйөт. Ошол эле учурда, баары өздөрүн саламаттык сактоо тармагына эч нерсе керек эмес деген сыяктуу алып жүрүшөт. Ал тургай, билим берүү менен салыштырганда да, ага 30 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнсө,  а коомдук сектордогу көйгөйлөрдүн өтө көп экендигине карабастан,  саламаттык  сактоого 13 миллиардга жакын эле  бөлүнөт. Кыргызстан саламаттыкты сактоо боюнча жылына киши башына каражат бөлүүдө акыркы орундарды ээлегендердин бири болуп саналат, себеби азыр  болжол менен айтканда 42, $  барабар. Башка өлкөлөр өзүнүн  жарандарынын саламаттыгын колдоо үчүн каражатты ондогон же жүздөн көп эсе бөлүшөт.

Жакынкы арада жаны угуулар, а биз болсо азыркыга чейин саламаттыкты сактоо жана ФОМСтун коомдук кеңештери тарабынан ушул жылдын апрель айында өткөн коомдук угуулардын жыйынтыктары боюнча Резолюцияга жооп ала элекбиз. Ошондуктан биз унчукпай калышыбыз мүмкүн эмес,”- деп белгиледи Б. А. Эстебесова.

 

 

Батма Эстебесова: Надо упразднить институт полномочных представителей Правительства КР в областях arrow-right

arrow-left Обсуждения Бишкекской муниципальной Программы по преодолению ВИЧ-инфекции на 2019 - 2021 гг