Эгер бюджет азайса, өлкөдөгү ар бир бешинчи бейтап жетиштүү медициналык жардам ала албай калат.

«Социум» коомдук бирикмесинин жетектөөчү адиси Эркинай Калакулова саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражатты кыскартуу оорулууларга болгон кыйноо экендигин айтты.
Анын айтымында, казынадан каражат кем берилсе, ооруканага барган адамдын дары-дармегине акча жетпей, кошумча сатып алууга мажбур болот.

«Биздин бирикменин демилгеси менен 20дан ашуун бейөкмөт уюмдарды камтыган «Бюджеттик адвокация үчүн» деген коалиция түзүлдү. Саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттын кыскарышына абдан тынчсызданып Жогорку Кеңешке, Президенттин жана Өкмөттүн аппаратына кайрылууларды жөнөттүк. Эгерде онкологиялык оорулууларга акча бөлүнбөсө, бул анык кыйноо жана кыянаттык болот деп эсептейм. Ошол эле кант диабети жөнүндө айтууга болот. Биз гемодиализ бейтаптарынын атайын тизмесин толуктоодобуз. Бюджеттин бир бөлүгү кымбат тейлөөлөрдү жабууга кетет.  ВИЧ/СПИД жөнүндө айтпай эле коеюн, ал жерде алдын алуу программалары үчүн каражат жетишпейт», — деп баса белгиледи Эркинай Калакулова.

Маалымат булагы:  bit.ly/2Ws39LR

 

Мы хотим, чтобы наш народ не использовал бесполезные лекарства arrow-right

arrow-left Касаболотов: Өкмөт медицинанын бюджетин кыскартса мыйзамды бузат