2017-2021-жылга карата ВИЧке каршы «90-90-90» программасы кабыл алынган.Саламаттык сактоо министрлигинин коомдун саламаттыгы боюнча башкармалыгынын башкы адиси Шарипа Суваналиева ВИЧ илдети менен күрөшүү багытында ар беш жыл сайын атайын мамлекеттик программа бекитилерин айтты.
«90-90-90″ программасы негизги үч багытта ишке ашырылат.

Биринчиси — бул оорулуулардын 90 пайызынын илдети тууралуу маалымдоо.

Экинчиси — ВИЧке чалдыккан жарандарыбыздын 90 пайызын дары-дармек менен камсыз кылуу.

Үчүнчүсу  —  аталган илдетке чалдыккан оорулуулардын 90 пайызынын дартын басаңдатып, башкаларга жукпагыдай абалга жеткирүү.

Бул программанын алкагында баңгизат колдонуучулар, сойкулук менен алектенгендер жана бири-бири менен жыныстык катнашка барган эркектер дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындан сырткары, боюнда бар алядарды да сөзсүз текшеребиз. Эгер илдет аныкталса, аларга дароо акысыз жардам көрсөтүлөт. Бирок бүгүнкү күндө калк арасында өзүнүн ВИЧке кабылгандыгы тууралуу билбегендер бар экендиги белгилүү болду. Борбор калаанын базарларында өткөн текшерүүнүн жүрүшү менен төрт саат ичинде бул илдетке чалдыккан беш жарандын аныкталышы кооптонууларды жаратып, азыртадан эле коңгуроо кагууга түрткү болуп жатат. Учурдагы программаны кайра карап чыгып, ВИЧ менен күрөшүү ыкмасын өзгөртүү керек. Алдыда эми калк арасында текшерүү иштерин күчөтүү милдети турат», — деди адис.

Ошондой эле ал учурда ВИЧке тест тапшыруу жана дарылануу акысыз жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Маалымат булагы:  //bit.ly/31wDDXP

 

Кыргызстан подтверждает приверженность своим международным обязательствам по части профилактики ВИЧ/СПИДа arrow-right

arrow-left Пенсионный фонд России ежемесячно присваивает себе около двух миллиардов долларов